Соломон аралдарында жер титирөө болду
Рихтер таякчасы боюнча күчү 7,8 баллга жетти
Тынч океандагы Соломон аралдарында кечээ 7,8 баллдык жер титирөө болуп, андан 40 үй зыян тартты.
Соломон аралдары өкмөтүнөн маалымдалгандай, Киракира аймагынын 68 километр түштүк-батышында жана океанда 48 километр тереңдикте болгон 7,8 баллдык жер титирөөдөн алгачкы белгилөөлөргө карганда жабыркагандар катталган жок.
Кайталанган жер силкинүүлөр болсо уланып жатат.
Жер титирөөдөн кийин айрым аралдарда байланыш үзүлдү.
АКШнын Тынч океандагы цунами борбору жер силкинүүдөн кийин Соломон аралдары, Вануату, Папуа-Жаңы Гвинея, Науру, Жаңы Каледония, Тувалу жана Косрааэ аймактары үчүн жарыяланган цунами эскертүүсү жоюлду.
Тектеш кабарлар
Газада каза болгондордун саны
Израилдин Газа тилкесине 195 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.