Кытайда жер титирөө болду
Рихтер таякчасы боюнча күчү 6,2 баллга жетти
626017
Кытайдын түндүк-батышындагы Синьцзян-Уйгур автономдуу аймагында рихтер таякчасы боюнча 6,2 баллдык жер титирөө болду.
Кытайдын сейсмология борбору, Чанцзи провинциясынын Хутуби округунда жергиликтүү убакыт боюнча саат 13.15те болгон жер силкинүүнүн, 6 километр тереңдикте болгонун билдирди.
Жер титирөөдөн жабыркагандардын катталып же катталбаганы жөнүндө азырынча маалымат берилген жок.
Хутуби округу, автономдуу аймактын борбору Урумчинин 68 километр батышында орун алууда.