Кытайда бир көмүр шахтасында жарылуу болду

Шахтада 11 киши камалып калды

624565
Кытайда бир көмүр шахтасында жарылуу болду

Кытайда бир көмүр шахтасында болгон жарылуудан улам 11 киши шахтада камалып калды. Синьхуа агенттигинин кабарына караганда жарылуу өлкөнүн ортоңку бөлүгүндөгү Хубей облусунун  Бадонг аймагында кечээ кечинде болгон.

Жарылуу болгон жерге шахтада калган 11 кишини куткаруу үчүн изилдөө – куткаруу жана саламаттыкты сактоо кызматкерлери жиберилди.

Жергиликтүү жетекчилер жарылуу тууралуу териштирүү баштатты.

3 – декабрда Кытайдын Ички Монголия автономиялуу аймагынын Чыфынг шаарында бир шахтада чыккан жарылууда 32 жумушчу каза болгон.



Тектеш кабарлар