Греция 3 төңкөрүшчүнү Түркияга өткөрүп берет

15-июлдагы төңкөрүш аракетинен кийин 8 төңкөрүшчү Грецияга качып кеткен

624895
Греция 3 төңкөрүшчүнү Түркияга өткөрүп берет

Грек соту Фетуллахчы террор уюмунун (ФЕТӨ) 15-июлдагы төңкөрүш аракетинен кийин Грецияга качып кеткен 8 төңкөрүшчүдөн үчөөнүн Түркияга тапшырылышына өкүм чыгарды.

Афинадагы аппеляциялык сот кечээ 3 төңкөрүшчүнүн Түркияга тапшырылышы талабын болсо четке каккан болчу.

Улуттук коргоо министри Фикри Ышык бул жөнүндө: «Греция Түркия менен НАТОдо биримдиктүү, НАТО биздин шериктешибиз болуп саналат. Биз Греция өкмөтүнөн ушул ФЕТӨгө мүчө төңкөрүшчүлөрдүн Түркияга тапшырылышына карата бардык аракетти жасашын күтөбүз»,- деп айткан эле.

Грецияда жүргөнү аныкталган 2 төңкөрүшчү туурасында болсо азырынча өкүм чыга элек.



Тектеш кабарлар