Чернобль атомдук станциясынын 4 - реакторунун үстү толугу менен жабылды

Порошенко проекти үчүн 1,4 миллиард евро чогултулгандыгын айтты

620771
Чернобль атомдук станциясынын 4 -  реакторунун үстү толугу менен жабылды

 Дүйнөнүн эң чоң атомдук апаатына себеп болгон Чернобль атомдук станциясында радиация жаюну улантып жаткан 4 -  реактор имаратынын үстү атайын болот чатыр менен толугу менен жабылды.

Чернобль атомдук станциясы 2065 -  жылга чейин толугу менен жок кылынат. Программа боюнча 2010 – 2013 -  жылдардын ортосундагы биринчи этапта атомдук күйүүчү май станциялардан сактоочу жерлерге ташылды.

2013 -  жылы башталган экинчи этап 2022 – жылга чейин улантылат. Бул процессте раекторлор сакталып, кырсык болгон реактор толугу менен изоляцияланат.

2011 – 2045 – жылдардын ортосундагы үчүнчү этапта адистер изолациядан кийин радиациянын азаюсун байкоого алат. 2045 – 2065 – жылдардагы акыркы этапта болсо станцияны кулатылып, тазалоо иштери башталат.

Чернобль атомдук станциясынын 4 – реакторунун атайын болот чатыр менен изоляцияланышынан улам өткөрүлгөн аземде сөз сүйлөгөн Украианын президенти Петр Порошенко изоляциялоо ишин Украина жана дүйнөнү атомдук коркутуулардан коргой турган тарыхый бир окуя катары мүнөздөдү.

Атайын болот чатырдын курулушу үчүн Украина менен бирдикте 28 ыктыярдуу өлкөнүн күчүн бириктиргендигин айткан Порошенко проекти үчүн 1, 4 миллиард евро чогултулгандыгын, 10 миң жумушчу иштеген курулушка болсо 40 өлкөнүн жардам бергендигин айтты.



Тектеш кабарлар