АКШ Кастронун жаназа зыйнатына расмий делегация жибербей тургандыгын билдирди

Бир тараптан АКШдан Кубанын борбор шаары Гаванага жарым кылымдан кийин биринчи тарифтүү каттам жасалды

620755
АКШ Кастронун жаназа зыйнатына расмий делегация жибербей тургандыгын билдирди

АКШ Куба төңкөрүшүнүн лидери Фидель Кастронун жаназа зыйнатына катышуу үчүн расмий бир делегация жибербей тургандыгын билдирди.

Ак үйдүн катчысы Жош Эрнест күнүмдүк басма сөз жыйынында берилген суроого жооп катары президент Барак Обаманын 25 -  ноябрда каза болгон Кастронун жаназа зыйнатына катышуу үчүн президенттик делегацияны жибербөө чечимин чыгаргандыгын  айтты. Эрнест бирок Улуттук коопсуздук кеңешчисинин орун басары Бен Родс менен АКШнын Кубадагы жогорку мартабалуу дипломаты Жефф Делорентистин жаназа зыйнатына катышарын белгиледи. Куба менен карым – катнаштарды кайрадан куруу процессинде Бен Родстын маанилүү роль ойногондугун айткан Эрнест башкаруунун Куба тууралуу саясаттарын ишке ашыруунун негизинде Родстын бул жумада Кубага барышы мурдатан эле пландалгандыгын жана Куба өкмөтү өткөрө турган зыйнатка Делорентис менен катышарын белгиледи.

Жефф Делорентис Обаманын Гавана элчи талапкери

Бир тараптан АКШдан Кубанын борбор шаары Гаванага жарым кылымдан кийин биринчи тарифтүү каттам жасалды.

Маямиден учкан American Airlinesка таандык тарифтүү жүргүнчү учагы Фидель Кастро каза болгондон үч күндөн кийин Гаванага  конгон. Каттам Кубага карата Америка эмбаргосу башталган 1961 – жылдагы тыюу салуудан кийин ишке ашкан биринчи тарифтүү каттам болду. Андан мурда АКШнын президенти Обаманын 2014 – жылы Кубанын мамлекет башчысы Рауль Кастро менен баштаган диалог жана жумшоо демилгесинен кийин көп сандаган Америка аба жолу фирмасы Гаванага жана өлкөнүн башка аймактарына чартердик каттамдарын ишке ашырган.

Обама башкаруусунун март айындагы өзгөртүүлөрү менен да иреттүү каттамдардын алды ачылган болду.



Тектеш кабарлар