БУУнун Эл аралык Жаза Соту тууралуу чакырыгы

БУУ, өлкөлөргө Эл аралык Жаза Сотунан чыгып кетпөө чакырыгын салды.

613539
БУУнун Эл аралык Жаза Соту тууралуу чакырыгы

БУУ, Эл аралык Жаза Сотунан чыгып кетүүнү ойлогон өлкөлөргө анын ордуна системанын ичинде калып соттун жакшыртылышы чакырыгын салды.

БУУнун баш катчысынын өңүлүнүн орун басары Фархан Хаг, күнүмдүк маалымат жыйынында бир канча өлкөнүн Эл аралык Жаза Сотунун маселе туудурганын айтышканын белгилеп, «Биз болсо мүчө өлкөлөргө соттон чыгып кетүүнүн ордуна ичинде калып системанын жакшыртылышы үчүн иштөөлөрү керектигин айтуудабыз»,-деди.

Түштүк Африканын Эл аралык Жаза Сотунан чыгуу токтомун жарыялашынан кийин өздөрүнө жаман мамиле кылынганын айткан Африка өлкөлөрүнөн Бурунди жана Гамбия да Эл аралык Жаза Сотунан чыга турганын жарыялаган.

Мындан мурда да Орусия, Эл аралык Жаза Сотунун түзүлүшүнүн документи болгон Рим статусуна тарап болбой турганын жарыяласа, Филиппиндин мамлекет башчысы Родриго Дутерте да өлкөсүнүн Эл аралык Жаза Сотунан чыга ала турганын айткан.



Тектеш кабарлар