Мозамбикте танкер жарылды

Мозамбикте күйүүчү май ташуучу танкер жарылып, көп сандаган киши каза тапты.

613309
Мозамбикте танкер жарылды

Мозамбикте күйүүчү май танкеринде жарылуу болуп, анын себебинен 73 киши каза тапты, кеминде 100 киши жаракат алды.

Түштүк Африка басма сөзүндө орун алган кабарга караганда Мозамбиктин Малави чек арасына жакын шаарлардан Тетеде күйүүчү танкерде жарылуу болду.

Жарылуу порт шаарлары Бейрадан Малавиге күйүүчү май ташып баратканда болгон.

Күйүүчү май танкеринин окуядан мурда оодарылып кеткени жана жарылууга да бул унаадан мунай зат сордурууга аракет кылган кишилер себепчи болгону маалымдалган.

Мозамбик кургакчылыктын себебинен тамак-аш кыйынчылыгын тарткан, дүйнөнүн эң жакыр өлкөлөрүнөн бири катары белгилүү...

 



Тектеш кабарлар