Орусиянын экономика министри камоого алынды

Комитеттин оюу боюнча Улюкаев параны кабыл алган учурда камоого алынды

611225
Орусиянын экономика министри камоого алынды

 Орусиянын экономика министри Алексей Улюкаев пара алды деген негиз менен камоого алынды. Орусия териштирүү комитетинен берилген маалыматка караганда Улюкаев мамлекеттик нефть фирмасы Роснефтин Башнефт фирмасынын акцияларын сатып алуу үчүн министрликтин атынан оң жооп берилиши менен Роснефттен 2 миллион доллар киреше алды деген шектенүү менен камоого алынды. Маалыматта Роснефттин жетекчилеринин пара берүүлөрү тууралуу коркутулгандыгы да белгиленди.

Комитеттин оюу боюнча Улюкаев параны кабыл алган учурда камоого алынды. Президент В. Путинге Улюкаевдин камоого алынышына байланыштуу маалымат берилди.

Өкмөттөн берилген маалыматта премьер – министр Дмитрий Медведевдин Улюкаевдин камоого алынуусун Путин менен сүйлөшкөндүгү билдирилди. Маалыматта  : «Премьер – министр бул маселенин абдан кенен түрдө териштирилүүсүнө ишенет»,- деп айтылды.

Кремлдин катчысы Дмитрий Песков болсо Башнефтин сатып алуу иштеринин кайрадан каралып же каралбай тургандыгы тууралуу маалымат берген жок.



Тектеш кабарлар