Cирияда абал

Оппозициячыл топтор Ахраруш Шам жана Шам Фронту топторунун ортосундагы кагылышууда 3 жаран каза болду

610432
Cирияда абал

Сириянын түндүгүндөгү Халеп облусунун Азез районунда оппозициячыл топтор Ахраруш Шам жана Шам Фронту топторунун ортосундагы кагылышууда 3 жаран каза болду.

10 миң сириялык жашаган Сижжу лагеринин айланасында болгон кагылышууларда да лагерде жашагандардан экөөсү бала болгон үч киши каза болуп, он беш киши жараланды. Кагылышкан тараптар Азез району менен жикчил террордук уюм ПККнын Сириядагы уландысы ПЙД колго алган Африн районунун ортосундагы бир текшерүү жери тууралуу узун убакыттан бери келишпестик болуп жаткан.

Бир тараптан Халептин батышында жайгашкан Этраби районундагы бир көчүп жүрүүчү оорукана Сирия армиясына таандык аскердик учактардын абадан кол салуусу менен колдонулбай турган абалга келди. Ооруканадагы саламаттыкты сактоо кызматкрелери жараланып, көп сандаган медициналык куралдар да зыянга учурады.



Тектеш кабарлар