Мосул операциясында дагы 3 айыл тазаланды

Мосул шаарын террор уюму ДЕАШтан тазалоо операциясы уланууда.

608638
Мосул операциясында дагы 3 айыл тазаланды

Ирактын Мосул шаарын террор уюму ДЕАШтан тазалоо операциясы уланууда.

Операциянын аклагында дагы 3 айыл ДЕАШтан тазаланды.

Ирак күчтөрү, Мосулдун түштүк батышындагы эн-Немруд аймагынын эл-Аббас жана эн-Нажифие айылдарын ДЕАШ террористтеринен тазалоо үчүн операция уюштурду.

Көптөгөн саатка созулган катуу салгылашуулардан кийин ирактык күчтөр эки айылды каратып алды.

Мосулга эң жакын айылдардан Тилйаре да ДЕАШтан кайтарылып алынды.

Мосулдун террор уюму ДЕАШтан тазаланышы үчүн Ирак армия бөлүктөрү, пешмерге күчтөрү жана чоң көпчүлүгүгүн Башика лагериндеги түрк аскерлери машыктырган Нинова сакчылары 17-октябрда операциясын баштаган.



Тектеш кабарлар