Украина Орусияга чакырууну камтыган чечим долбоорун БУУнун Жалпы Кеңешине сунуштады

Чечим долбооруна Украина жана Англия, АКШ жана Франция да болуу менен 38 өлкө кол койгон

607053
Украина Орусияга чакырууну камтыган чечим долбоорун БУУнун Жалпы Кеңешине сунуштады

Украина Крымда адам укуктарынын бузулушун айыптаган жана бул жерге эл аралык текшерүүчүлөрдүн кириши үчүн Орусияга чакырууну камтыган чечим долбоорун кечээ БУУнун Жалпы Кеңешине сунуштады.

БУУнун расмий интернет баракчасында жарыяланган чечим долбооруна Украина жана Англия, АКШ жана Франция да болуу менен 38 өлкө кол койгон.

4 беттен турган документте «Крым татарлары украиналык жана башка этникалык жана диний топторго таандык Крым тургундарына карата жасалган укуктук бузуулар жана ишке ашырылган бөлүүчү чаралар» айыпталууда. Муну менен бирге Орусия өкмөтүнө : «Крым тургундарынын адам укуктарынын бузулушуна соң бере турган чаралардын көрүлүшү жана Крымга эл аралык адам укуктарын коргоо миссияларынын кирүүсүнө уруксат берилиши үчүн чакыруу жасалууда.

Чечим долбоору айрыкча Орусия Жогорку Сотунун Крым татар улуттук парламентин ашыкча уюм катары аныкташы тууралуу 2016 -  жылы 26 -  апрелдеги чечимдин «дароо токтотулушу тууралуу» талабын да камтууда.

Ошол эле учурда Европа Биримдиги бүгүндөн баштап Орусиянын мамлекеттик думасында Крым менен Севастополдун өкүлү болгон бардык депутаттарды «кара тизмеге» алды. Чыгарылган акыркы чечимге караганда тизмеге Крымдын 5 депутаты да кирди. Андан мурда тизмеде Крымдын 2 депутаты – Наталья Поклонская менен Михаил Шеремет болгон.

 



Тектеш кабарлар