АКШда шайлоонун астындагы акыркы талпынуулар

Америка Кошмо Штаттарында 8-ноябрда (эртең) боло турган президенттик шайлоолорго аз убакыт калды.

604902
АКШда шайлоонун астындагы акыркы талпынуулар

 

Америка Кошмо Штаттарында 8-ноябрда (эртең) боло турган президенттик шайлоолорго аз убакыт калганда талапкерлер акыркы көзүрлөрүн ойноп жатышат. Демократ партиянын талапкери Хиллари Клинтондун электрондук почта териштирүүсү күн тартиптен чыгарыла элек.

Федералдык териштирүү кеңсеси (FBI) «жаңы табылгалар бар» деген маалымат таратып шайлоого 10 күн калганда ачкан электрондук почта териштирүүсүн жыйынтыктады.

Териштирүү Хиллари Клинтондун жеке өзүнүн электрондук почтасында жаңы жазышуулар табылганы себеби менен башталган.

 FBI төрагасы Жеймс Коми, Конгресске берген маалыматында иликтөөлөрдөн кийин Клинтон тууралуу чыккан чечимде кандайдыр бир өзгөрүү болбогонун, Демократ партиянын талапкерине кандайдыр бир күнөө коюлбаганын айтты.

Клинтон тарабынан маселенин чечилгендигине ыраазы болгондору жөнүндө ачыктоо жасалса, Республикачыл тарап абалга башкача карап жатат.

Дональд Трамптын кампания директору, «FBIдын чечими ошол бойдон калган болсо, бул Клинтондун этиятсыз жана жашыруун маалыматтар жөнүндө жалган айтканы түшүнүгүн берет»,-деди.

АКШнын Өкүлдөр палатасынын төрагасы Пол Райан болсо бул чечимге карабастан Клинтонду сындап, «FBIдын акыркы табылгаларына карабастан, Хиллари Клинтон өлкө сырларын коркунучка түшүргөн»,-деди.

Бул чечимдин эртең боло турган шайлоолордон мурда добуш бергендерге кандай таасир тийгизе турганы кызыктырууда.



Тектеш кабарлар