Багдаддын беш башка жеринде жарылуу болду

Ирактын борбор шаары Багдаддын 5 башка жеринде болгон бомбалуу кол салууда 8 киши каза тапты.

599122
Багдаддын беш башка жеринде жарылуу болду

 

Ирактын борбор шаары Багдаддын 5 башка жеринде болгон бомбалуу кол салууда 8 киши каза тапты.

Багдаддын Таримиййе жана Медиан райондору менен Эс-Сүлейх, Эл-Ибади жана Эл-Эмин аймактарын бутага алган кол салууда 36 киши жараланды.

Кол салуунун жоопкерчилигин азырынча моюнга алган эч ким болгон жок, террор уюму ДЕАШ Багдадда дээрлик күнүгө бомба жүктөлгөн унаа жана жанкечтилерди колдонуп кандуу жардырууларды кылып жатат.

Ирактык жооптуу кызматтагылар, жылдын башына чейин террор уюму ДЕАШтын өлкөнүн бардык жеринде жеңилүүгө учуратыла турганын, бирок 17-октябрда Мосулду тазалоо операциясынын башталышы менен каршы кол салуулардын арта турганы эскертүүсүн кылды.

Өлкөнүн экинчи чоң шаары Мосулдун террор уюму ДЕАШтан тазаланышы үчүн Ирак армия бөлүктөрү, Пешмерге күчтөрү жана көпчүлүгүн Башика лагериндеги түрк аскерлери машыктырган Нинова сакчылары 17-октябрда операция баштаган.



Тектеш кабарлар