АКШда мурдатан добуш берүү процедурасы талаштар менен башталды

Добуш берүү процедурасынын башталышы менен добуш берүүчү жерлерге чубаган америкалыктар узун кезекке турушту.

597347
АКШда мурдатан добуш берүү процедурасы талаштар менен башталды

Америка Кошмо Штаттарынын бир топ штатында 8-ноябрда боло турган президенттик шайлоолор үчүн мурдатан добуш берүү процедурасы башталды.

Ар башка күндөрдө ишке ашырыла турган мурдатан добуш берүү процедурасында орто эсеп менен 46 миллион шайлоочунун добуш берүүсү күтүлүүдө.

Мурдатан добуш берүү процедурасы башталган провинциялардан Иллиноис, Техас жана Кансаста шайлоого тыгыз катышуу болгону байкалды.

Добуш берүү процедурасынын башталышы менен добуш берүүчү жерлерге чубаган америкалыктар узун кезекке турушту.

Адистер бул абалдын республикачыл талапкер Дональд Трамп үчүн жакшы болбой турганы көз карашында.

Ошондуктан шайлоого катышуунун аз болушу Республикачыл партияга пайдалуу боло турганы божомолдонууда.

Өлкөнүн бир топ штатында шайлоочулар почта жолу менен добуштарын берүүдө. Бир тараптан добуш берүү процедуралары талаштар менен башталды. Дональд Трамп бир топ шаарда шайлоодо бурмалоо жасалганын айтып чыкты.

Трамп 10 жыл мурда каза болгон адамдардын жана мыйзамсыз көчкөндөрдүн добуш бергендерин айтууда.

Жооптуу кызматтагылар бул айтымдарды «жоопкерчиликсиздик» деп мүнөздөп, добуш берүү машиналарынын интернетке байланышпаганын жана эч качан кийлигишиле албай турганын белгилеп кетти.

Теннеси штатында болсо эстрада ырчысы Жастин Тимберлейктин селфи сүрөтү талаш туудурду.

Тимберлейктин фотосүрөтү социалдык медиада бөлүшүлгөндөн кийин кылмыш кылганы айтылууда.

Штаттын мыйзамдарына караганда шайлоо үкөгөнүн жанында фотосүрөткө түшүү кылмыш экендиги белгиленип, атактуу ырчыга айып тагыла турганы айтылууда.

Бирок бир канча сааттан кийин штаттын прокурору ачыктоо жасады.

Прокурор чектелген бюджеттерин Тимберлейкти суракка алуу үчүн каржылоо ниеттери болбогонун, териштирүү ачылганы ойлорунун чындыкты чагылдырбаганын айтты.



Тектеш кабарлар