Японияда катуу жер титирөө болду

Жер титирөөдөн айрым үйлөр урап калды

594539
Японияда катуу жер титирөө болду

Күчү 6,6 баллга жеткен жер титирөө Япониянын батышындагы Тоттори шаарында катуу сезилди. Япониянын метеорология агенттиктиги цунами коркунучу жок экенин билдирди. Жер титирөөнүн эпицентри Тоттори областынын 10 километр астында болгону маалымдалды. Жер титирөөдөн жаракат алгандар катталса, айрым үйлөр да урап калды. Шимане атомдук станциясында кандайдыр бир бузулуу болгон жок. 30 миң үй электр жарыксыз калса, транспорт каттамдары үзгүлтүккө учурады. Жергиликтүү учак рейстери кечеңдетилип, поезд каттамдары токтоду.



Тектеш кабарлар