Вьетнамды сел каптады

Вьетнамдын эки провинциясын сел каптады.

590725
Вьетнамды сел каптады

Вьетнамда нөшөрлөп жааган жамгырдын себебинен Quang Binh  жана Thua Thien-Hue провинцияларын сел каптап 21 киши каза болду.

Селде 100 миңдей  үй кыйраганы, айрым поезд каттамдарынын жоюлганы жана миңдеген унаанын жолдордо тыгылып калганы белгиленди.

Апаатка чара көрүүчү комитети элди Филиппинден Вьетнамды көздөй келген Сарика бороон-чапкынынын себебинен да аймакты таштап кетүүгө аргасыз боло тургандары темасында эскертти.

Филиппин аралдарынын түндүк чыгышында бүгүн таасирдүү болгон Сарика бороон-чапкынында 2 киши каза болду.



Тектеш кабарлар