Кытайдын дарысы арзан болушу мүмкүн, бирок аягы жаман...

Кытайдан чыккан дарыларды алсаңыздар аягы эмне болоорун ойлоп көрүңүз...

586550
Кытайдын дарысы арзан болушу мүмкүн, бирок аягы жаман...

Кытайда базарга чыгаруу үчүн даярдалып жаткан дарылардын эң аз 80 пайызы стандарттарга шайкеш келбегени жана «жасалма» болгону белгиленди.

Кытайдын атактуу маалымат барагы «WangYi» берген кабарга караганда Кытайдын Азык-түлүк жана дары-дармек башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөдө чыккан жыйынтыктарында айрым дары-дармек фирмаларынын дарыларынын потенциалдык кошумча таасирлерине таандык көрсөткүчтөрү жашырылганы же жок кылынганы, каалаган жыйынтыктарды ала албаган соң көрсөткүчтөрүнө өзгөртүү киргизгендери аныкталды.

1622 клиниканын изилдөө көрсөткүчтөрү иликтенген текшерүүдө көрсөткүчтөрдүн 80 пайыздан ашыгынын анализ параметрлерине шайкеш келбегени, кем болгону, айрым көрсөткүчтөргө да жетиле албаганы белгиленди. Буга караганда Кытайдагы клиникалык изилдөөлөрдүн көпчүлүгүндөгү көрсөткүчтөрдүн изилдөө баштала электе жазылганы жана дары-дармек фирмасынын талабына жараша ылайыкташтырылганы билдирилди.

Кытайда 2006-жылдан бери 20 чоң дары-дармек фирмасынан 13ү дары изилдөө жана өнүктүрүү борборун ачкан.

«Pediatrics» журналына өткөн айларда чыккан бир макалада да текшерүү процесси бүтүрүлгөн клиника изилдөөлөрүнүн 30 пайызынын кандайдыр бир журналга жарыяланбаганы аныкталган.



Тектеш кабарлар