Мэттью бороону АКШда

Гаитини жер менен жексен кылган 9000ге жакын кишинин каза болушуна себеп болгон апаат АКШда да 10 кишинин жанын алды

585768
Мэттью бороону АКШда

 Акыркы жылдын эң чоң апааты Мэттью бороону АКШга да жетти.

Гаитини жер менен жексен кылган 9000ге жакын кишинин каза болушуна себеп болгон апаат АКШда да 10 кишинин жанын алды.

Флорида жана Жоржия аймактарында таасирдүү болгон бороон Түштүк Каролинага жетти. Катуу шамал менен бирге катуу жааган жамгыры менен да таасирдүү болгон бороон  өткөн жерлерин чалдыбарга айландырды.

Кээ бир аймактарда жолдор жабылып, суу ташкындары болууда. Апааттан улам эң аз бир жарым миллион киши электрсиз калды. Мэттью бороону акырында ылдамдыгын азайтты.

Америкалык жетекчилер бороондун ылдамдыгынын 135 километрден азайгандыгын жарыялашты. Гаитиде саатына 230 километрден ашуун ылдамдык менен таасирдүү болгон бороондон улам 9000ге жакын киши каза болуп, миңдеген үй зыянга учурады.

БУУму 11  миллион калкы болгон Гаитиде калкынын жарымынын бороондон таасирленгендигин билдирди. Карибдерде 350 миңден ашуун киши тез жардамга муктаж. Бир жарым миллионго жакын киши чыгарылган Кубада да үзгүлтүксүз жааган жамгыр жер көчкүгө себеп болду.



Тектеш кабарлар