Франция Орусияны күнөөлөдү
Франциянын тышкы иштер министри Айро : «Орусия БУУнун коопсуздук кеңешинин Халепти куткаруу үчүн кыймылга өтүүсүнө бөгөт болду»
Франциянын тышкы иштер министри Айро : «Орусия БУУнун коопсуздук кеңешинин Халепти куткаруу үчүн кыймылга өтүүсүнө бөгөт болду»,- деди.
Франциянын тышкы иштер министри Жан-Марк Айро Орусиянын Халепти куткарууну каалаган БУУнун Коопсуздук Кеңешине дагы бир жолу тоскоол болгондугун белгилеп : «Вето жоопкерчилигинин массалык кыргындарда колдонулбашы керектигине дагы көп ынандык»,- деди.
Айро Орусиянын БУУнун Коопсуздук Кеңешинде Халеп долбоорун вето кылган жыйынга катышып өлкөсүнүн позициясын айтты. Добуш берилгенден мурда Айро : «Бул долбоорго каршы чыгуу Асадга дагы көп киши өлтүрүшү үчүн уруксат берүү, террористтерге да белек берүү»,- деди.
Англиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Мэттью Рикорф да кеңеште сүйлөгөн сөзүндө Орусиянын 5 - жолу Сириядагы абалга соң берүү мүмкүнчүлүгүн вето кылгандыгын айтты.
БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Халептин жер менен бир болушуна үнсүз калбашы керектигин айткан Рикорф : «Сиздердин саясында бүгүн кылып жаткандарыбыз бул болуп жатат. Халептеги миңдеген киши таңга чейин жашап же жашай албай тургандыгын ойлоо менен өткөрөт»,- деди.