Мэттью бороону

Мэттью бороону Гаитиде 842 кишинин каза болушуна жол ачты

585350
Мэттью бороону

 Кариб мамлекеттери тарыхынын эң коркунучтуу табият апааттарынан Мэттью бороону Гаити, Куба жана Доминиканды абдан чоң зыянга учуратты.  

Гаитиде 842 кишинин каза болушуна жол ачкан бороон АКШнын түштүк – чыгышына чейин барды.

Флорида, Жоржия менен Түндүк жана Түштүк Каролина аймактарында өзгөчө абал жарыяланды. Аймактарды бошотуу менен миңдеген киши жолго чыгып, авто жолдордо узун убкытка созулган кезек күтүүлөр башталды. Азык – түлүк камдоого аракет кылган миңдеген киши да маркеттерде кезекте турушат.

Ылдам жылган бороон өзү менен кошо катуу шамал жана жамгыр жаашын да алып келди. Дүйнөнүн эң жакыр өлкөлөрүнөн болгон Гаитиде турмуш  токтоп кала турганчалык деңгээлге жетти. Көпүрөлөрдү кулаткан, үйлөрдүн чатырын учурган бороон Жереми шаарында отурукташуу жерлеринин 80 пайызын жок кылды.

БУУнун гуманитардык жардам координация офиси 350 миң кишинин чукул жардамга муктаж экендигин билдирди.

Бир жарым миллионго жакын киши чыгарылган Кубада үзгүлтүксүз жааган жамгыр жер көчкүнү алып келди. Бахамаларда дарактар менен электр столбалары кулап, энергия өткөрүү линиялары зыянга учурады.  

Доминикан республикасында 36 миңден ашуун киши үйлөрүн бошотушту. Мэттью бороонунун инфра – кызыл камера линзасы менен тартылган спутник көрүнүштөрү да коркутуучу. Гаитиде тартылган көрүнүштөрдүн  кургап калган баш сөөккө окшоосу көңүлдөрдү бурду.



Тектеш кабарлар