АКШда президенттик шайлоо жарышы

Республикачыл партиянын мурунку конгресс мүчөсү 30 киши Дональдга добуш беришпейт

584862
АКШда президенттик шайлоо жарышы

 АКШда президенттик шайлоо жарышында Республикачыл партиянын талапкери Дональд Трампка  сенат жана депутаттар парламентинин мурунку республикачыл мүчөлөрүнөн 30 киши Дональд Трапм үчүн добуш беришпей тургандарын билдиришти.

Республикачыл партиянын Конргресстеги мурунку мүчөлөрү бирге билдирген маалыматка кол коюшуп, бир мезгилдерде Конгрессте чыгарган принцип жана нарктарды мыскылдаганы үчүн Трампка добуш беришпей тургандарын билдиришти. Өз партияларынын талапкери Трамптын президенттикти аткара ала турган мүнөзгө ээ эмес экенин жактаган конгресстин мурунку мүчөлөрү Трапмтын демократ атаандашы Хиллари Клинтонго да  добуш берип же бербей тургандарын белгилешкен жок. Маалыматка кол койгон конгресстин мурунку мүчөлөрүнүн арасында маанилүү ысымдар бар. Бул кишилерден депутаттар парламентинин мурунку өкүлдөрү Микки Эдвардс менен Вин Вебер конгрессте иштеп жаткан кезде Республикачылдардын депутаттар парламентиндеги  башкаруу кадрында орун алган. Эдварс эмне себептен мындай чечим чыгарышкандарын төмөнкүчө билдирди : «Мени таң калтырган нерсе партиябыздагы кишилер  «Биздин партия жеңсин»,- деп өлкө тууралуу ойлонууну бир четке ташташты»,- деди.

Трамп Хендерсон шаарындагы шайлоо митингинде баарынын добуш берүүсүнүн маанисине токтолуп, өлүм төшөгүндө жаткандардын да 8 -  ноябрда добуш берүүлөрү керектигин айтты. Трамп : «Ооруп жатканыңар менен ишим болбойт. Дарыгерден жаңыле келсең да, абдан жаман диагноз койсо да, эки жумада өлөөрүңдү айтса да аны менен ишим болбойт. Булар маанисиз. 8 -  ноябрга чейин чыдап, барып добуш бергиле. Андан кийин силерге айта турган бир сөзүбүз «Силерди сүйөбүз жана дайыма эстейбиз», -деди. Трамп бул сөздөрү менен тамашалагандыгын айтты бирок ошол эле учурда «олуттуу экендигин» да белгиледи.



Тектеш кабарлар