АКШда келерки айдагы президенттик шайлоо үчүн жарыш уланууда

Эки лидердин түз эфирде козрларын бөлүшө турган кийинки дебат 19 -  октябрда өткөрүлөт

582516
АКШда келерки айдагы президенттик шайлоо үчүн жарыш уланууда

Өткөн жумада болгон президенттик теледебаттан кийин жүргүзүлгөн сурамжылоодо демократтардын талапкери Хиллари Клинтон республикачыл Дональд Трампан 5 балл алдыга чыкты. CNN каналы менен ORC сурамжылоо фирмасынын кызматташтыгында жүргүзүлгөн сурамжылоодо Клинтон 47 пайыз, Трамп болсо 42 пайыз добуш алды.

Ошол эле сурамжылоодо президенттик жарыштагы башка талапкерлер Эркиндикти жактоочу партиянын талапкери Гэри Жонсон 7 пайыз, Жашылдар партиясынын талапкери Жилл Стайн болсо 2 пайыздык катнашта добуш алды.

Сурамжылоонун өткөн жумада болгон жана Клинтондун үстөмдүгү менен аяктаган биринчи президенттик талкуунун мурунку лединин ишине жарагандыгын көрсөттү деген сөздөр айтылууда.

Эки лидердин түз эфирде козрларын бөлүшө турган кийинки дебат 19 -  октябрда өткөрүлөт.



Тектеш кабарлар