Орусияда мамлекеттик кызматкерлер эми WhatsApp колдонбойт

WhatsApp, Viber жана Telegramды колдонууга тыюу салынды

581909
Орусияда мамлекеттик кызматкерлер эми WhatsApp колдонбойт

Орусияда буга чейин талкууланып келген WhatsAppка тыюу салынышы кайрадан күн тартипке коюлду.

Орус өкмөтү мамлекеттик кызматкерлердин WhatsApp, Viber жана Telegram сыяктуу тиркемелерде расмий жазышууларга же материалдарды жиберишине тыюу салды.

«Исвестия» гезитинин маалыматына караганда, Орусиянын улуттук ички коопсуздук уюму (FSB) бул талапты орундатпаган мамлекеттик кызматкерлер үчүн жаза системасын киргизүүнү чечти.

Буга ылайык FSB тарабынан бекитилбеген жазышууларды колдонгон мамлекеттик кызматкерлер дисциплина жазасын алып, ал эмес иштен бошотулушу мүмкүн.

Жеке колдонуучулар үчүн болсо тыюу салынышы күтүлбөйт.

Бирок мамлекеттик кызматкерлердин арасындагы жазышуулар жана материалдардын жөнөтүлүшү үчүнчү кишилер тарабынан колго алынбашы үчүн атайын корголушу керек.

WhatsAppка тыюу салуу темасы Орусияда буга чейин да талкууланып келген.

Дагы бир жолу күн тартипке коюлган маселени Орусиянын Президенттик Администрациясы, Байланыш министрлиги жана FSB кайрадан кеңири түрдө карап чыкмакчы.



Тектеш кабарлар