АКШда куралдуу кол салуу

Куралчан кол салгыч соода борборундагы адамдарга туш келди ок атты.

577689
АКШда куралдуу кол салуу

АКШнын Техас штатына караштуу Хьюстон шаарындагы бир соода борборунда болгон куралдуу кол салуудан бири оор 9 киши жаракат алды.

Кол салгыч атып өлтүрүлдү.

Хьюстон полициясынын билдирүүсүнө караганда, куралчан кол салгыч соода борборундагы адамдарга туш келди ок атты.

Айтымдарга караганда кол салгыч чогуу иштешкен компания менен тил табыша албаган адвокат экен.

Кол салуунун террордук кыймыл болуп же болбогону иликтенип жатканда жергиликтүү полициялар тарабынан таанылган кол салгычтын унаасында көп сандаган курал-жарак табылды.



Тектеш кабарлар