АКШда полицияга каршы митингдер улантылууда

2 кара кишинин полиция тарабынан өлтүрүлүшүнөн кийин көчөгө чыккан митингчилердин кыймылы үчүнчү күнү да улантылды

575773
АКШда полицияга каршы митингдер улантылууда
abd'de, siyahilere polis şiddeti.jpg
abd, siyahilere polis şiddeti sürüyor.jpg
abd siyahilerin protestosu.jpg

АКШнын Түндүк Каролина аймагында полициянын соккусуна карата митингдер улантылууда. Бир жуманын ичинде 2 кара кишинин полиция тарабынан өлтүрүлүшүнөн кийин көчөгө чыккан митингчилердин кыймылы үчүнчү күнү да улантылды.

Кара киши Кейт Ламонт Скотт өлтүрүлгөн Шарлотта шаарындагы митинг кагылышууга айланды. Полиция кийлигишкен окуяларда жаралангандар болду. Митингдердин үчүнчү күнүндө аймакка атайын күчтөрдүн жиберилүүсүнөн кийин көчөгө чыгууга тыюу салуу жарыяланды. Түн жарымынан баштап  ишке кирген тыюу салуу жергиликтүү саат боюнча эрте мененки саат алтыда аяктайт. Шаарда андан мурда да митингдердин күч алуусунан кийин өзгөчө кырдаал жарыяланган болчу.

АКШда жылдын башынан бери полиция тарабынан өлтүрүлгөндөрдүн саны беш жүздөн ашкандыгы билдирилди. Бул кишилердин көпчүлүгүнүн кара болушу полициянын Африка тектүү америкалыктарга карата күч колдонгондугу тууралуу талаш – тартыштарга жол ачууда.



Тектеш кабарлар