ЕККУнун жыйынында 15-июль төңкөрүш аракети түшүндүрүлөт

Конференцияда түрк улутунун төңкөрүшкө кандай каршылык көрсөткөндүгү да баса белгиленет

575188
ЕККУнун жыйынында 15-июль төңкөрүш аракети түшүндүрүлөт

Фетуллахчы террор уюмунун 15-июль төңкөрүш аракети, Европанын Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) 23-сентябрда Польшанын борбору Варшавада өтө турган жыйынында европалыктарга түшүндүрүлөт.

Анкарадагы «Дүйнөлүк адилеттик форуму» аттуу бейөкмөт уюму Варшавада ЕККУнун жыйынынын алкагында «Түркияда 15-июль төңкөрүш аракети» темалуу конференция өткөрөт.

Форумдун башкы төргасы Асым Дурмуш төңкөрүш аракетинин бүткүл дүйнө тарабынан билишинин маанисин баса белгилеп: «Өлкөбүздү жана демократиябызды сүйөбүз, аны коргоо үчүн өз жаныбызды беребиз. Конференцияда өлкөбүздө болгон мыкаачылык төңкөрүш аракети демократиябызга, адамдарыбызга жана дүйнөлүк тынчтыкка карай жасалгандыгын түшүндүрүү менен катар түрк улутунун төңкөрүшкө кандай каршылык көрсөткөндүгү жана демократияга чын дилден берилгендиги да баса белгиленет»,-деди.



Тектеш кабарлар