Таиландда кеме кырсыгы
Кырсыкта 15 киши каза болду
Таиландда Курман айт майрамынан кайткан мусулмандарды ташыган кеменин чөгүүсү менен 15 киши каза болду. Жекшемби күнү Аюттхая шаарына караштуу Муанг аймагындагы Чаупхрая дарыясында болгон кеме кырсыгында 46 киши жаралуу куткарылды.
Жаралуулардан 10 кишинин абалы оор болгондуктан каза болгондордун санынын артуусунан тынчсыздануулар болууда. Кырсыктан кийин жоголгон 10 кишинин табылышы үчүн изилдөө – куткаруу иштери улантылууда. Жоголгондордун арасында кеменин капитаны да бар. Жыгач кеменин 50 жүргүнчү ала турганчалык күчү болгондугуна карабастан 150 киши ташыгандыгы белгиленди.
Кырсыктын унаанын башка бир кеме менен кагылышпоо үчүн күтүлбөгөн жерден багытын өзгөртүүсү менен дарыянын жээгиндеги бетонго келип тийүүсү менен болгондугу болжолдолууда.