АКШда Президенттикке ат салышуу ден-соолук жарышына айланды

Трамп менен Клинтондун доктурлары талапкерлеринин ден-соолуктары чың экенин жарыялап, ар түрдүү шоулорго катыштырууда.

571735
АКШда Президенттикке ат салышуу ден-соолук жарышына айланды

Республикачылдардын президенттикке талапкери Дональд Трамптын др.Мехмет Өздүн теледеги шоу программасына катышып «деним сак» маалыматын берген соң, демократтардын президенттикке талапкери Хиллари Клинтон өпкөсүнө суук тийип үч күн тыныгуу бергенден кийин үгүттөө турун кайра баштады.

Хиллари Клинтондун 3 күндүк тыныгуусунан кийинки алгачкы аялдамасы Түндүк Каролина штаты болду. Клинтон Гринсборо шаарында шайлоочулар менен кездешти. Дени сак көрүнгөн Клинтон дарылануу үчүн үйдө өткөргөн 3 күнүнүн өзүнө белек болгонун айтты.

11-сентябрь террордук кол салууларды эскерүү үчүн барганда тынчсызданган Клинтондун докутуру да билдирүү жарыялады.

Анда Клинтондун ылдам сакайганы жана Американын президенти катары кызмат кылыш үчүн дени сак экени белгиленди.

Бул учурда Дональд Трамптын доктуру да республикачыл талапкердин өткөн аптада өткөн саламаттык абалынын анализин жарыялады. Анда , «Трамптын ден-соолугу абдан чың» экени белгиленди.

Дональд Трамп атактуу түрк кардиологу, др.Мехмет Өздүн теледеги шоу программасына катышты жана жогорку холестерити үчүн дары ичкенин айтты. Бир топ америкалык сыяктуу Трамп да семиз киши.

 



Тектеш кабарлар