Дүйнөдө 2 миллиондон ашуун мусулман ажылык милдетин аткарды

Ыйык милдет үчүн ишембиден баштап жолго түшкөн мусулмандар шайтанга таш ыргытуудан кийин Кабага келишти.

569806
Дүйнөдө 2 миллиондон ашуун мусулман ажылык милдетин аткарды

Ыйык жерлерде 2 миллиондон ашуун Мусулман ажылык миледетин аткарууда.

Арафат жана Мүзделифедеги вакфе дуаларынан кийин Минага ал жерден Жемерат делген «шайтанга таш ыргытуу» аянтына өткөн мусулмандар, «чоң шайтанга» түн оогондон кийин 7 таш ыргытышты.

Ыйык милдет үчүн ишембиден баштап жолго түшкөн мусулмандар шайтанга таш ыргытуудан кийин Кабага келишти.

Ажылар Жемаратка чейин бардыгы 21 км жолду жөө басышты. Бул жердеги сыйынууларын бүтүрүп шайтанга таш ыргыткандар Месчиди Харамга жетишти.

Сыйынуулары менен ыйык жерлерде көркөм көрүнүштү пайда кылган мусулмандар, Каабага зыярат тававын жана эскерүүлөрүн кылышты, андан соң сакалдарын алып ихрамдан чыгышты. Ушундайча 2 миллиондон ашуун киши ажы болду.

Сыйынууларын орундатышып ажы болуу бакытын жашаган түрк ажылар, сезимдерин, «Бул укмуш жагдай түшүндүрүлгүс, бул жерди келип гана көрүү керек» деп бөлүшүштү.

Ажылар майрамдын экинчи, үчүнчү жана төртүнчү күндөрүндө да ибадаттарын кылышып, ыйык жерлердеги руханий атмосферадан пайдалануусун уланта алышат.



Тектеш кабарлар