АКШда өзгөчө кырдаал

Америкалыктар дүрбөлөңгө түштү.

563799
АКШда өзгөчө кырдаал

АКШнын Флорида штатында башталган жана өлкөнүн чыгыш жээктеринде таасирдүү болушу күтүлгөн Эрмине шамалы, жумушчулардын майрамдык эс алуусунда америкалыктарды дүрбөлөңгө түшүрдү.

Катуу соккон шамал жүз миңдеген адамдын жарыксыз калышына себепчи болсо, Флориданын губернатору Рик Скотт 51 райондо өзгөчө кырдаал жарыялады.

Рик Скотт шамалдын себебинен маалымат жыйынын өткөрүп, флоридалыктардан шамалга каршы даяр турууларын өтүндү.

Эрмине шамалынын күчүн артырышынын себебинен көрсөткүчүн «Категория-1ге» чыгарган метеорология кызматкерлери Эрминенин бороон-чапкынга айланганын билдиришти.

Апалачикола, Таллахасси жана Санкт-Петербургда шамалдын ылдамдыгы 140 километрге чейин жеткени белгиленди.

Флоридадан Нью-Жерсиге түндүккө карай өлкөнүн чыгышында таасирдүү болоору белгиленген шамалдын, Нью-Жерсиге жеткенде тропикалык шамалга айланышы күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар