Сомалиде жардыруу болду

Аймактагы бир отелди бутага алганы белгиленген жарылуучу зат жүктөлгөн унаа отелди курчаган дубалдын түштүгүн барып сүздү.

562657
Сомалиде жардыруу болду

Сомалинин борбор шаары Могадишодо Президенттик сарайынын жакынында бомба жүктөлгөн унаа жардырылып, каза болгондордун саны 22ге жетти.

Аймактагы бир отелди бутага алганы белгиленген жарылуучу зат жүктөлгөн унаа отелди курчаган дубалдын түштүгүн барып сүздү.

Отелде министр жана саясатчылар да катышкан коопсуздук жыйналышы өтүп жаткан эле. Жарылууда чоң зыянга учураган отелде арасында бир министр да орун алган 50 киши жаракат алды.

Кол салуунун жоопкерчилигин Аль-Каидага байланышы болгон Эш Шебаб террор уюму моюнга алды.

Түркия кол салууну айыптаганын жана наалат айтканын жарыялады.

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү жарыясында, «Түркия, дос жана тууган Сомали калкынын тынчтык жана ырааттуулукка жетиши үчүн ар түрдүү колдоону көрсөтүүсүн чечкиндүү улантат»,-делди.



Тектеш кабарлар