Италияда кайталанган жер титирөөлөр болуп жатат

6,2 баллдык жер титирөөдөн кийин үч күндүн ичинде миңден ашуун жер силкинүү болду.

560211
Италияда кайталанган жер титирөөлөр болуп жатат

Италиянын борбору Римдин 140 километр чыгышындагы Аккумолиде шаршемби күнү таңга маал болгон жана орто эсеп менен 20 секундга созулган 6,2 баллдык жер титирөөдөн каза болгондордун саны 290го жетти.

Жер титирөөдөн каза тапкандардын 180нинин гана өздүгү такталды, алардын 21и балдар.

Көз жумгандардын арасында ангиялык, румыниялык жана канадалыктар да бар.

Көп сандаган кишинин дайынсыз экенин белгилешкен жооптуу кызматкерлер, каза тапкандардын санынын көбөйүшү мүмкүн экенин айтышты.

6,2 баллдык жер титирөөдөн кийин кайталанган термелүүлөр да уланып жатат.

3 күндүн ичинде миңден ашуун жер силкинүү болду. Айрымдарынын күчү рихтер таякчасы боюнча 5 жарым баллга чейин жетти.

Кайталанган жер термелүүлөр куткаруу иштерине да терс таасир тийгизүүдө. Аматрис шаарындагы көпүрө, кайталанган жер титирөөдөн зыян тарткандыктан транспортко жабылды.

Геологдор жер титирөөнүн айынан эпицентрине эң жакын аймак болгон Аккумолинин 20 сантиметр чөккөнүн белгилешүүдө.

Жер титирөө экономикасы оор абалдагы Италиянын турузм тармагына терс таасир тийгизиши мүмкүн.



Тектеш кабарлар