Батыш Шериа

Ондогон киши «камоодо ачкачылык жарыялаган кишилерге» колдоо берүү максатында Рамаллахта жолугушту

555278
Батыш Шериа

Израиль аскерлери палестиналыктарга күч колдонууну улантууда. Палестиналык топтордун чакыруусу менен ондогон киши «камоодо ачкачылык жарыялаган кишилерге» колдоо берүү максатында Рамаллахта жолугушту.

Офер абагы жайгашкан аймакка чейин жөө барышкан митингчилер Израилдин административдик  камоолоруна каршы чыгышып, ачкачылык жарыялаган камоодогу кишилердин эркин койо берилишин талап кылды.

Абактын кире беришинде митингге чыккан палестиналыктарга Израиль аскерлери пластикалык ок жана көздөн жаш агызуучу газ колдонушту. Израиль чалгындоосу палестиналыктарды жашыруун коопсуздук маалыматтарына таянып «административдик камоо» деген аттын астында 1 ай менен 6 айдын арасында камоого алууда.



Тектеш кабарлар