Орусиядан Сирияда 3 сааттык ок атууларды токтотуу

Орусиянын коргоо министрлиги Халепте 11 -  август бүгүндөн баштап күнүмдүк 3 саат ок атууларды токтотууга өтүлгөндүгүн билдирди

549757
Орусиядан Сирияда 3 сааттык ок атууларды токтотуу

Орусиянын коргоо министрлиги Халепте 11 -  август бүгүндөн баштап күнүмдүк 3 сааттык ок атууларды токтотууга өтүлгөндүгүн билдирди.

Башкы штабдын төрагасы Сергей Рудской Халепте жергиликтүү саат боюнча 10:00 -13:00 арасында абадан жана кургактыктан жасалган кол салуулардын токтотуларын жарыялады.

Орус жетекчи бул сааттарда гуманитардык жардам конвойлорунун  шаарга коопсуз түрдө келе аларын айтты.

БУУму болсо ок атууларды токтотуунун мөөнөтүн жетерлик деп тапкан жок.

БУУнун гуманитардык жардам жана чукул абалдар координатору Стивен О'Брайен Орусиянын күн сайын 3 сааттан жумада 21 саат ишке ашырыла турган ок атууларды токтотуунун гуманитардык жардамдарды таркатуу үчүн жетерлик эмес экендигин билдирди. О'Брайен муктаждыктардын камсыз кылынышы үчүн 2 тилкеге жана 48 саатка муктаждыктын бар экендигин  айтты.

О'Брайен  БУУнун коопсуздук кеңешинин кечээки жыйынында сүйлөгөн сөзүндө 48 сааттык ок атууларды токтотуу талабын кайталап, Халепте 2 миллион кишинин 4 күндөн бери үйлөрүндө суу калбагандыгын жана согуштан чарчаган шаарда олуттуу саламаттык маселелеринин бар экендигин эске салган болчу.

БУУнун булактары да Халеп шаарында оппозициячылдардын Асад режими жана колдоочуларынын курчоосун бузгандан кийин шаарга гуманиатрдык жардам алып баруу үчүн жумада эң аз 48 сааттык ок атууларды токтотууга муктаждыктын бар экендигин белгиледи.

АКШ болсо Орусиянын Халепке гуманитардык жардамдардын жеткирилиши үчүн күндө 3 сааттык ок атууларды токтотуу сунушун ыраазычылык менен кабыл алгандыгын билдирген.

Тышкы иштер министрлигинин катчысы Элизабет Трюдо күнүмдүк басма сөз жыйынында тема тууралуу суроолорго жооп берип жатып : «Турмуштук мааниге ээ болгон жардамдардын ийгиликтүү түрдө муктаж болгондорго жеткирүү үчүн берилген бардык аракеттерди ыраазычылык менен кабыл алабыз. Бирок ок атууну токтотуу бардык тараптын байкоосу астында болушу керек»,- деди.

Катчыдан БУУнун Халепке жардам жеткирүү үчүн жумада 48 саат кагылышууларды токтотуу багытындагы чакыруусу эске салынуу менен  Орусиянын сунушунун БУУнун сунушу менен дал келип же келбей тургандыгы суралды.

БУУнун  сунушун колдошкондорун белгилеген Трюдо: «Сирияда соккуну токтото турган бардык нерсенин Сирия калкы үчүн жакшы экендигине көңүл бурууну кааладым»,- деди.



Тектеш кабарлар