Мьянмада кызамык эпидемиясы күч алды

Кызамык эпидемиясынан 41 киши көз жумду.

547428
Мьянмада кызамык эпидемиясы күч алды

Мьянманын түндүгүндө өткөн айда башталган кызамык эпидемиясынан 41 адам көз жумду.

Индия чек арасындагы Нага аймагынын жергиликтүү башкаруучулары, 5 айылда катталган кызамык оорусунан каза болгондордун көбү 15 жашка чейинки балдар экенин билдирди.

Эмдөө иштери башталган айматагы эпидемиядан кеминде 200 кишинин терс таасир алгандыгын белгилеген жергиликтүү башкаруучулар, өткөн жумада өкмөттөн аймакта өзгөчө кырдаал жарыялашын талап кылышкан болчу.

Нага өлкөнүн эң жакыр аймактарынын арасында турат.



Тектеш кабарлар