Иракта үйлөрүн таштап кетүүгө мажбур болгондордун саны 70 миңден ашты

Үйлөрүн таштап кетүүгө мажбур болгон кишилердин 30 миңден ашуунунун Мусулга караштуу Махмур районунда курулган Дибеге чатыр лагерине баш калкалаганы белгиленди.

543994
Иракта үйлөрүн таштап кетүүгө мажбур болгондордун саны 70 миңден ашты

Ирактын Мусул жана Салахаддин облустарында террордук уюм ДЕАШ менен коопсуздук күчтөрүнүн ортосунда улантылып жаткан кагылышуулардын айынан үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болгон кишилердин саны 70 миңден ашты.

Ирак Кызылайынан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта үйлөрүн таштап кетүүгө мажбур болгон кишилердин 30 миңден ашуунунун Мусулга караштуу Махмур районунда курулган Дибеге чатыр лагерине баш калкалаганы белгиленди.

Маалыматта көпчүлүгү коомчулукка таандык жана туугандарынын жанында болуу үчүн 40 миңден ашуун кишинин Салахаддиндин борбору Тикрит шаарына, кээ бирлеринин болсо Керкүк менен Ирак Күрт Аймактык Башкаруусундагы аймактарга жайгаштырылганы белгиленди.

Бул кишилерге тамак – аш жардамы берилгендиги билдирилген маалыматта Кызылайдын көчмөндөр жашап жаткан аймактарга психологиялык жардам жана биринчи жардам жиберилгендиги да белгиленди. Маалыматта үйлөрүн таштап кетүүгө мажбур болгон кишилердин турмушун абдан кыйын шарттарда улантып жаткандыгына да  көңүл бурулду.



Тектеш кабарлар