Немис депутат мусулман болду

Улуттук демократ партиясынын депутаты Вернер Клавун 75 жашында мусулман болду

541060
Немис депутат мусулман болду

 Германияда ашыкча оңчул Улуттук демократ партиясынын депутаты Вернер Клавун 75 жашында мусулман болду. Андан мурда миграция жана качкындарга каршы экендиги менен билинген Клавун эми болсо Сирия, Ирак жана Афганстандан келген качкындардын эң чоң колдоочусу болду.

Германияда жарыяланган «Билд» гезитине маалымат берген жана атын Ибрахим деп алмаштырган Клавун немис улуу акыны Иоганн Вольфганг фон Гетенин Чыгыш диванын, ислам жана пайгамбар Мухаммедди мактаган ырларын окугандан кийин исламды жакындан таанууну каалагандыгын, Кураандын немис тилиндеги түшүндүрмөсүн окугандан кийин мусулман болууга чечим чыгаргандыгын айтты.

Исламды кабыл алышы менен ойлорунун толугу менен өзгөргөндүгүн белгилеген Клавун : «Ислам жана мусулмандарга каршы ашыкча оңчул партиянын мүчөсү катары өткөн күн менен байланышымды үзүү жетерлик болбойт деп ойлодум. Өткөн күндүн изин өчүрүү үчүн дагы чоң иштерди аткарууну кааладым. Качкындарга жардам бере баштадым»,- деди.  

Клавун 2014 -  жылы жубайынын балдарын да алып таштап кетүүсүнөн кийин жаштары 18 – 30 болгон экөөсү сириялык төрт качкынды үйүндө жашата баштагандыгын жана качкындардын өзүнө үй – бүлө болгондугун айтты. Клавун өзү аларга жардам бергендей эле алардын да жардам бергендигин билдирди.



Тектеш кабарлар