Орусия Сирия кризиси боюнча Түркия менен кайрадан диалог түзүшү мүмкүн

Лавров террорго каршы эл аралык кызматташууга чакырды.

521453
Орусия Сирия кризиси боюнча Түркия менен кайрадан диалог түзүшү мүмкүн

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Түркия менен Орусиянын ортосундагы мамилелерди оңдоонун алкагында Сирия кризиси темасында кайрадан диалог түзө ала тургандарын айтты.

Лавров Франциянын борбору Парижде кесиптеги Жан-Марк Айро менен Тышкы иштер министрлигинде жолугушту.

Жолугушуудан кийин өткөрүлгөн биргелешкен маалымат жыйынында сөз сүйлөгөн Лавров: «Сирия маселесине чечүүчү жол табуу темасында Түркия менен буга чейин өтө тар чөйрөдө сүйлөшүүлөрүбүз болду, бирок белгилүү себептерден улам булар токтоп калган болчу»,-деди.

Президент Режеп Тайип Эрдоган менен Орусиянын президенти Владимир Путиндин ортосундагы акыркы телефон сүйлөшүүсүндө мамилелерди оңдоо темасы каралгандыгына токтолгон Лавров: «Түрк өнөктөштөрүбүз менен Сириядагы кризисти чечүү темасында пикир алмашууну улантабыз деп ойлоймун»-деп айтты.

«Ататүрк» аэропортундагы террордук кол салууда каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө көңүл айткан Лавров, террорго каршы эл аралык планда кызматташууга чакырды.

 Жан-Марк болсо террордук кол салууга токтолгон сөз сүйлөөсүндө: «Дагы бир жолу терроризмдин бардык жерге сокку ургандыгын көрүп жатабыз. Франция бүтүндөй түрк эли жана каза болгондордун үй-бүлөлөрү менен тилектештик ичинде»,- деп айтты.



Тектеш кабарлар