БУУнун мурунку баш катчыларынан Аше көз жумду
Жон Аше кытайлык ишкерден 1 миллион доллардан ашуун пара алуу менен күнөөлөнгөн
516559
БУУнун Жалпы Кеңешинин 68 - кезектешкен башчысы Жон Ашенин Нью – Йорктогу үйүндө каза болгондугу билдирилди.
Доббс Ферри аймагынын полициясы мурунку баш катчынын үйүндө каза болгондугун билдирди, бирок өлүм себебине байланыштуу маалымат берилген жок.
2013 - жылы сентябрь жана 2014 - жылдын сентябрь мезгилинде 193 мүчөлүү БУУнун Жалпы Кеңешинин төрагалыгын аткарган Антигуа жана барбудалык Жон Аше кытайлык ишкерден 1 миллион доллардан ашуун пара алуу менен күнөөлөнгөн. Өткөн жылы Манхаттан федералдык сотунун прокурору Прит Бхарара тарабынан доо ачылган Аше сот алдына чыгууну күтүп жаткан.