Орус армиясында күтүүсүз текшерүү жүрүп жатат

Орус армиясынын согушка даярдык деңгээли кандай?

510687
Орус армиясында күтүүсүз текшерүү жүрүп жатат

Президент Владимир Путиндин буйругу менен орус армиясында «күтүүсүз текшерүү» башталды.

Коргоо министри Сергей Шойгу Москвадагы билдирүүсүндө, күтүүсүз текшерүүнүн алкагында армияга таандык курал-жарак жана техникалар сакталуучу жертөлөлөр менен айрым аскердик бөлүктөрдүн текшериле тургандыгын айтты.

Ушундайча орус армиясынын согушка даярдык деңгээлинин күтүүсүз текшерилиши максатталгандыгын белгилеген Шойгу, темага байланыштуу чет элдик аскердик аттешелерге маалымат берилээрин сөз кылды.

Шойгу күтүүсүз текшерүүнүн 22-июнга чейин улана турганын билдирди.



Тектеш кабарлар