Берлиндеги жүрүш

Борбор калаа Берлинде өткөн митингге миңдеген түрктөр катышты.

502285
Берлиндеги жүрүш

Германияда жашаган түрктөр, Федералдык Парламентте сүйлөшүлө турган 1915-жылдагы окуяларга байланыштуу жалган армян дооматтарына каршы ири митинг өткөрдү.

Борбор калаа Берлинде өткөн митингге миңдеген түрктөр катышты.

Германиядагы бейөкмөт уюмдардын башын бириктирген Түрк-Немис колдошуу платформасы тарабынан тарыхый Бранденбург каалгасы орун алган аянтта болгон митингге түрктөр кайдыгер калбай барышты.

Митингге жалгыз эле Германиядан эмес, Франция жана Бельгиядан да түрктөр келишти. Түркия жана Германиянын желектерин көтөрүп жүрүшкөн жоон топ, ар түрдүү ураандарды чакырышып, Федералдык Парламентти мыйзам долбоорун бекитпөөгө үндөдү.

Митинг ыр чебери Угур Ышылактын концерти менен аяктады.



Тектеш кабарлар