Поршенко Савченкону кабыл алды

Савченко аэропортто : «Эркинмин, бирок өлкөм үчүн жанымды аябаймын»,- деди

498023
Поршенко Савченкону кабыл алды

 Украинанын президенти Петр Порошенко Надежда Савченкону Орусиядан кайра алгандай эле Донбас менен Крымды да алышарын айтты.

Орусия жактоочулары тарабына барымтага алынып Орусияга качырылган жана 22 жыл абак жазасына тартылган Украина армиясынын аял учкучу, депутат Надежда Савченко эки орус аскери менен алмаштырылып эркин койо берилди.

Атайын бир учак менен Украинага кайтып келген Савченко аэропортто : «Эркинмин, бирок өлкөм үчүн жанымды аябаймын»,- деди. Савченко Украинанын президенти Петр Порошенко тарабынан кабыл алынды. Порошенко Савченкону улуттук каарман деп мүнөздөп жана мамлекеттик медаль менен сыйлады. Порошенко Савченкону Орусиядан алгандай Донбас менен Крымды да алышарын айтты. Савченко болсо сөзүндө Минск келишиминин маанисине көңүлдөрдү буруп Минск келишимине шайкеш келүү үчүн  керек болгондорду аткарышарын айтты.

Украинанын чыгышында Орусия жактоочусу жикчилдер менен армия бөлүктөрүнүн ортосунда кагылышуулар болууда. Аймактагы араздашууну соңуна чыгаруу максатында Белорусиянын борбор шаары Минскте 2014 -  жылы сентябрь айында ок атууларды токтотуу боюнча кол коюлган. Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму ЕККУнун байкоосу астында Орусия, Украина жана Украинанын чыгышындагы жикчил күчтөрдүн өкүлдөрүнүн ортосунда кол коюлган Минск ок атууларды токтотуу келишими келишпестиктердин айынан толугу менен ишке ашпай жатат.



Тектеш кабарлар