Орусиянын президенти Путин грек гезити «Катимерини» үчүн макала жазды

Путин өлкөсү менен Европа Биримдигинин ортосунда чечилбей турган маселенин жок экендигин айтты

498225
Орусиянын президенти Путин грек гезити «Катимерини» үчүн макала жазды

Орусиянын президенти В. Путин өлкөсү менен Европа Биримдигинин ортосундагы карым – катнаштарда чечилбей турган маселенин жок экендигин ортого салды.

Путин грек гезити «Катимерини» үчүн макала жазды.

Макалада орус лидер Европа Биримдиги менен көп тараптуу өнөктөштүккө кайтып келүү үчүн эки тараптын бир биринин ойлорун жана пайдаларына көңүл буруусу керектигин белгиледи. Бирок Европа тарабы Путин сыяктуу жакшы ойдо эмес.

Европа кеңешинин төрагасы Дональд Туск Япониядагы чоң жетилер саммитинен мурда  берген маалыматта Европа Биримдиги лидерлеринин Орусияга карата санкциялардын мөөнөтүн узартарын ойлогонун айтты. Туск Европа Биримдигинин санкциялардын мөөнөтү тууралуу мамилесин улантарын, чек киргизе турган чаралардын Минск келишимдеринин толугу менен ишке ашырылуусунан кийин жоюларын билдирди.

 



Тектеш кабарлар