Ливияда кеме чөктү

Ливиядан Италияга өтүүгө аракет кылган жүздөгөн качкын отурган балыкчы кеменин көңтөрүлүүсү менен беш качкын каза болду

498205
Ливияда кеме чөктү

Ливиядан Италияга өтүүгө аракет кылган жүздөгөн качкын отурган балыкчы кеменин көңтөрүлүүсү менен беш качкын каза болду.  Ашыкча жүктөн улам көңтөрүлгөн кемеде араларында аялдар менен балдар да болгон 562 качкын Италия жээк коопсуздук топтору тарабынан куткарылды. Андан мурда берилген маалыматта операцияда 500 көчмөндүн аман – эсен куткарылып, жетөөсүнүн сөөгүнүн табылганы белгиленген болчу.

Абанын жылуусу менен бирге акыркы мезгилде Африка жана Жакынкы Чыгыштагы согуш, кагылышуу жана ачкачылыктан Европага качкандар көп колдонгон багыт Ливия менен Италиянын ортосундагы аймактан келген куткаруу кабарларынын саны артууда. Бул аймакта мурунку күнү куткарылган миңден ашуун качкын да бүгүн эрте менен Италиянын Палермо шаарына алып барылды.



Тектеш кабарлар