АКШда ирактык качкынды өлтүргөн кишиге 38 жыл абак жазасы берилди
Ахмед Ел – Жумейли аттуу ирактык качкынды өлтүргөнү үчүн сотко чакырылган Никерион Неалон аттуу жигиттин соту аяктады
АКШнын Тексас аймагында ирактык бир качкынды өлтүргөн киши 38 жыл абак жазасына тартылды. Өткөн жылы Даллас шаарында болгон окуяда Ахмед Ел – Жумейли аттуу ирактык качкынды өлтүргөнү үчүн сотко чакырылган Никерион Неалон аттуу жигиттин соту аяктады. Сот Жумейлини өлтүргөн жаш жигиттин 38 жыл абак жазасына тартылуусуна чечим чыгарды.
Жашап жаткан үйүнүн алдында үй – бүлөсүн кар астында сүрөткө тартып жаткан Жүмейлинин өлтүрүлүшү оболу жек көрүү кылмышы деген шектенүүнү жатараткан, Мусулман жарандык коом уюмдары окуянын иликтенүүсүн суранган.
Бирок полиция териштирүүдөн кийин Неалон менен Жумейлинин таныш эмес экендигин, Неалондун кыз досунун үйүндөгү башка кишини атам деп Жумейлини атып алгандыгын билдирген.
Тектеш кабарлар
Кытайда болгон сел жана жер көчкүдө 4 адам каза болуп, 10 адам дайынсыз жоголду
Кытайда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам сел жана жер көчкү болуп, 4 адам каза болду.