Сирияда кол салуу болду

Кол салууда төртөөсү бала болгон он бир жаран каза болду

494613
Сирияда кол салуу болду

Сирия армиясына таандык аскердик учактын өлкөнүн ички бөлүктөрүндөгү оппозициячылдардын көзөмөлүндөгү Хомстун Хула районуна вакум бомбасы менен кол салып, төртөөсү бала болгон он бир жаран каза болду. Ондогон киши жараланган кол салууда аймакта абдан чоң материалдык чыгым болду. Жаралуулар райондогу көчүп жүрүүчү ооруканаларда дарыланууда.

Көптөгөн убакыттан бери режимге таандык күчтөрдүн кургактык жана абадан кол салууларына дуушар болгон Хулада электр менен суу үзгүлтүккө учурады.

Сирияда беш жылдан бери болуп келе жаткан жарандык согуш 270 миң жарандын каза болушуна себеп болду.



Тектеш кабарлар