Дүйнөнүн эң картаң кишиси каза болду

Сюзанна Мушатт Жонс 11 6 жашында каза болду

490169
Дүйнөнүн эң картаң кишиси каза болду

Дүйнөнүн эң картаң кишиси болгон америкалык Сюзанна Мушатт Жонс 11 6 жашында каза болду. Геронтология иликтөө тобунун адистеринен Роберт Йонг Жонстун Нью – Йорктогу картаңдар үйүндө каза болгондугун билдирди. Жакындары Жонстун адамдарга болгон сүйүү жана жоомарттыгы менен узун өмүр жашагандыгын белгилешти.

Жонс 117 жаштагы япон Мисао Окава өткөн жылы Токиодо каза болгондон кийин дүйнөнүн эң картаң кишиси катары Гиннес рекорддор китебине кирген. Роберт Йонг Жонстун каза болушунан кийин 116 жаштагы Италиян жараны Эмма Моранонун дүйнөнүн эң картаң кишиси болорун айтты. Жонстон бир канча ай гана кичине болгон Моранонун дүйнөнүн эң картаң кишиси болушу үчүн Гиннес рекорддор кибетинин жетекчилери тарабынан жашынын бекитилүүсү керек. Билинген эң картаң киши француз Жанна Луиза Кальман эле. Кальман 1997 -  жылы 4 -  августта каза болгондо 122, 5 жашта болчу.



Тектеш кабарлар