Малайзия менен Кытай бирдей пикирге барышты

Малайзияга эки күндүк расмий сапар менен барган Кытай мамлекеттик кеңешчиси Янг Жиечи премьер – министр Нежип Резак менен жолугушту

488160
Малайзия менен Кытай бирдей пикирге барышты

Малайзия менен Кытай Түштүк Кытай деңизиндеги келишпестиктердин «Тараптардын кыймыл декларациясынын» алкагында карап чыгуу тууралуу бирдей пикирге барышты. Малайзиянын тышкы иштер министри Анифах Аман менен Кытай мамлекеттик кеңешчиси Янг Жиечинин катышуусу менен бүгүн өткөрүлгөн жыйында Түштүк Кытай деңизинде мал – мүлк  боюнча чыккан араздашуунун Татарптардын кыймыл декларациясы боюнча чечилүүсү тууралуу бирдей пикирге барышты.

Малайзияга эки күндүк расмий сапар менен барган Кытай мамлекеттик кеңешчиси Янг Жиечи  премьер – министр Нежип Резак менен жолугушту. Янг менен жолугушкандан кийин басма сөзгө маалымат берген Малайзиянын тышкы иштер министри Аман Түштүк Кытай деңизинде талаш – тартыштуу аралдар маселеси менен кытайлык балыкчылардын Малайзия сууларында аңга чыгуу маселесинин да каралганын айтты. Аман дос өлкөлөрдүн арасындагы маселелердин чечилерине ишенишкендерин да сөздөрүнө кошту.



Тектеш кабарлар