Батыш дүйнөсүнүн эки жүздүүлүгү...

Акыркы интрига Франциянын маалымат каналы ФРАНС-24тө көрүндү.

483662
Батыш дүйнөсүнүн эки жүздүүлүгү...

Батыш дүйнөсү жалгыз гана өзүн аткан террористти террорист деп эсептөөдө.

Террор уюму ДЕАШтын Франция жана Бельгияда ондогон жаранды кырып салышы менен ойгонгон Европа, бул уюм менен күрөшүү үчүн стратегияларды иштеп чыгууда.

Ал эми иш Түркияда ондогон жылдардан бери миңдеген карапайым кишини кырган, коопсуздук кызматкерлерин шейит кылган, үй-бүлөлөрдү кулаткан, биримдикти бузууга аракет кылган террор уюму ПККга келгенде мамилеси өзгөрүүдө. Мындай учурда ар ким эркиндик элчилери боло калышат.

Жаңы төрөлгөн ымыркайлар жырткычтай өлтүрүлүп жатканда бирөөлөр чыгып дүйнөнүн аркы башынан күрт укуктарын жактоочу болуп чыгууда.  Бир кезде күрт улутундагы адамдын Түркия Республикасында президент да болгонун билбегенсип...

Өлкөнүн ар тарабына жайгаша алган, иштей алган, жашоосун уланта алган күрттөр менен террор уюму ПККнын ортосундагы айырманы билбегенсип мамиле кылышууда. Ошондуктан күрт укуктары деп жатып террористтин колуна өзү берген куралдын машасын өзү басууда. 

Акыркы интрига Франциянын маалымат каналы ФРАНС-24тө көрүндү.

Бул канал, Сирияда террор уюму ПККнын уландысы болгон ПЙДнын катарында күрөшүп жаткан Америка, Англия жана Франциянын аскерлеринин көрүнүшүн жарыялады.

Анда бул аскерлер Сириянын түндүгүндө террор уюму ПЙДнын катарында бир операцияга катышууда. Уюмга курал жардамын да бергендери ачык көрүнүп турат.

Батыш дүйнөсү ПЙД менен бул кызматташуусунун себебин көптөн бери ДЕАШ менен күрөшүү катары жарыялаганга аракет кылып жатат. Кылмышкерден кутулуш үчүн башка бир кылмышкерди багуу канчалык ахлактуу болот? Муну ачыктай албай жатат....



Тектеш кабарлар